Бишкек, 06.03.26. /Кабар. Бишкек шаарындагы Байтик баатыр көчөсү, 199 дарегинде жайгашкан Мамлекеттик бажы кызматынын имаратында чыккан өрт саат 20:42де чектөөгө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, көп кабаттуу имараттан өрт чыкканы тууралуу билдирүү кечке маал түшкөн. Өрттү өчүрүүгө ӨКМдин 4 күжүрмөн эсеби, 2 автошаты жана ыкчам штаб тартылды.
"Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Алдын ала маалыматтар боюнча, кырсыктын кесепетинен жабыркагандар жана каза болгондор жок", — деп айтылат маалыматта.
Өрттүн келип чыгуу себептери жана келтирилген чыгымдын өлчөмү кийинчерээк такталат.