Бишкек, 24.09.25. /Кабар/. Бишкекте мамлекеттик кызматкерлерге ишке жеке унаа менен келүүгө тыюу салуу сунушталды. Бул тууралуу парламенттин жыйынында айтылды.
Депутат Дастан Бекешев бул зарыл чара экенин белгиледи. Анын айтымында, мэрия бул демилгени баштады, эми башка мамлекеттик органдар да колдошу керек.
"Бажы, салык жана башка кызматтар баштаса, калгандары да кошулат. Антпесе, биз тыгын маселесин чече албайбыз. Мисалы, бажы кызматынын унаалары 10-кичи райондун тургундарына ыңгайсыздык жаратууда", - деди ал.
Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Элнура Мамбетжунушева ведомство жайгашкан аймакты чоңойтуу пландалып жатканын, ал жерде унаа токтотуучу жай каралганын билдирди. "Бул маселе биздин биздин көзөмөлүбүздө жана аны чечебиз", - деп ишендирди ал.