Бишкек, 31.08.25. /Кабар/. Бишкекте майрамдык иш-чаралар учурунда жол коопсуздугу күчөтүлдү. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматта белгиленгендей, ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Эмиль Жакыпов Бишкек шаарында Эгемендүүлүк күнүнө карата өтүп жаткан майрамдык иш-чаралар учурунда күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөө боюнча өздүк курамга нускама жеткирип, күзөт ордуларына чыгарды.
Белгилей кетсек, учурда Ала-Тоо аянтында Эгемендүүлүк күнүнө арналгпн майрамдык концерт өтүүдө.