Бир айдан соң Бишкекте дагы 250 үй-бүлө ипотекалык батир алышат - Балтабаев

Коом Загрузка... 16 Апрель 2025 13:31
WhatsApp Image 2025-04-16 at 10.20.13.jpeg
copyright icon Кабар

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 16.04.25. /Кабар/. Май айынын ортосунда дагы 250 үй-бүлөгө Бишкектин К.Молдобосанов көчөсүндө жайгашкан ипотекалык батирлер тапшырылат. Бул тууралуу “Мурас” турак жай комплексиндеги батирлердин ачкычтарын тапшыруу аземинде Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасы Темиркул Балтабаев билдирди.

Анын айтымында, учурда Бишкек шаары боюнча жалпысынан 17 миңден ашуун батир курулууда.

“Атап кетсем, алар К.Маликов көчөсүндөгү “Мурас” турак жай комплекси, ошондой эле “Ынтымак” жана “Көчмөн сити” турак жай комплекстери. Ал эми республика боюнча 60 миңден ашуун батирлер курулуп жатат. Кезекте тургандардын саны 50 миңден ашуун”,-деди ал.

Балтабаев белгилегендей, батирди алууда эч кандай биринчи төлөм талап кылынбайт.

“Ипотекалык батирлерди бардык жарандар ала алышат. Тактап айтканда, жеке ишкерлер, мамлекеттик кызматкерлер жана чет өлкөдө жүргөн мигранттар. Бирок, баса белгилеп айта кетүүчү нерсе мигранттар 50%ын төлөө жолу менен гана алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ”,-деди ал.

Ал ошондой эле жакынкы күндөрү ипотека аркылуу үй алууда кезекте тургандар массалык түрдө алдыга жылышарын кошумчалады.