Бишкекте маданият мекемелерине 39 кичиавтобус тапшырылды

Маданият Загрузка... 25 Сентябрь 2025 18:35
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Бишкек, 25.09.25. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги өлкө аймагындагы маданият мекемелерине 39 кичиавтобус тапшырды. Жаңы унаалар театрларга, филармонияларга, музыкалык мекемелерге жана музейлерге берилди.

Маданият министри Мирбек Мамбеталиевдин айтымында, кичиавтобустар Кытайдагы ири автозаводдо чыгарылган жана кышкы дөңгөлөктөр менен камсыздалган.

"Негизи 300 млн сомго 15 автобус жана 57 кичиавтобус сатып алынган. Бир кичиавтобустун баасы 23 миң долларды түзөт", - деди ал.

Ошондой эле министр азыркы учурда маданий мекемелерди оңдоп-түзөө жана техникалык жабдуулар менен камсыздоо иштери жүрүп жатканын билдирди. Кийинки жылы Опера жана балет театрын оңдоп-түзөөдөн өткөрүү жана өлкөдөгү бардык театрлардын материалдык-техникалык базасын чыңдоо пландалууда. "Бул жылы биз Манас шаарындагы Барпы театрын оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, техникалык жабдыктарды жаңыладык. Мындан тышкары, жакын арада жаңы филармониянын курулушу башталат", - деп кошумчалады ал.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 18-июлунда Маданият министрлигине 72 жаңы унааны тапшыруу аземи өткөн.

Анын ичинде:

  • 51 орундуу 5 чоң автобус;
  • 37 орундуу 10 автобус;
  • 15 орундуу 57кичиавтобус.