Бишкекте өлкөдөгү эң чоң аттракциондор паркы ачылат

Коом Загрузка... 01 Июль 2025 17:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 01.07.25. /Кабар/. Бишкекте өлкөдөгү эң чоң оюн-зоок паркынын курулушу кызуу жүрүп жатат.

Жаңы маданий оюн - зоок комплекси Евразия экономикалык биримдигинин 10 жылдыгына карата “Евразия” автономдуу коммерциялык эмес уюму тарабынан ишке ашырылууда.

Бүгүнкү күндө курулуш иштери болжол менен 80% бүткөрүлдү.

Орок айылындагы 10 гектар аянтка жайгашкан сейил бак үй-бүлөлүк жана активдүү эс алуу үчүн заманбап коомдук жайга айланып, 300дөн ашуун адамды иш менен камсыз кылат.

“Евразия” парктары департаментинин директору Каныбек Жумамбаев белгилегендей, сейил бакка кирүү бардык коноктор үчүн акысыз болот.

“Коноктордун ыңгайлуулугу үчүн электрондук кезек системасы киргизилүүдө. Мобилдик тиркеме жана парктын расмий сайты аркылуу онлайн кезеке турууга болот”, - деди ал.

Паркта 30дан ашык заманбап аттракцион болот. Алардын көпчүлүгү Италияда жасалып, европалык коопсуздук жана сапат стандарттарына жооп берет. Комплекстин өзгөчө сыймыгы Борбор Азиядагы эң чоң “Улан” атракциону болот. Анын узундугу 720 метр, бийиктиги 34 метр. Атракцион эки илмек жана үч спиралдык бурулуштарды камтыйт. Аталышы кыргыз уламыштарында айтылган батыштан соккон катуу шамалдын урматына тандалып алынган.

Белгилей кетсек, аталган аймакта интерактивдүү динопарк, балдар лабиринти, көргөзмө павильондору, концерттер жана иш-чаралар үчүн сахна, 648 чарчы метр аянтты түзгөн көп функционалдуу спорт аянтчасы, заманбап тамак-аш зоналары, жарманке зоналары жана көргөзмө комплекси катары долбоорлонгон салттуу кыргыз боз үйү жайгашат.

Кошумчалай кетсек, коноктордун коопсуздугун 45 күзөт кызматкери камсыздайт. Паркта видеокөзөмөл, медициналык пункт жана милиция посту орнотулат.

“Кышында парк сезондук форматта ишин улантат. Аяз атанын үйү ачылып, жаңы жылдык майрамдарда балалуу үй-бүлөлөр келе алышат”, - деп кошумчалады Жумамбаев.

“Евразия” паркынын ачылышы борбор калаа үчүн да, бүтүндөй өлкө үчүн да маанилүү маданий окуя болот.

Маалымат үчүн: “Евразия” – жеке каражаттардын эсебинен гуманитардык долбоорлорду ишке ашыруучу автономдуу коммерциялык эмес уюм. Анын ишмердүүлүгү эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, салттуу баалуулуктарды сактоого жана этностор аралык диалогду бекемдөөгө багытталган.