Бишкекте Лев Толстой көчөсүнүн бир бөлүгү жабылды. Себеби

Коом Загрузка... 07 Август 2025 16:25
1754554081_large.jpeg
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 07.08.25 /Кабар/. Бүгүн, 7-августтан тарта 5-сентябрга чейин Л.Толстой көчөсүнүн Матыев көчөсүнөн Садырбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бул убакта Л.Толстой көчөсүнүн Матыев көчөсүнөн Т.Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгүнө капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлөт.

Бишкек шаарынын мэриясы жарандарга кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылууну жана транспорт тыгындарын болтурбоо үчүн жеке унаанын ордуна коомдук транспортту пайдаланууну сунуштайт.