Кызыл-Аскер каналы тазаланып, 230 тоннадан ашуун таштанды чыгарылды

Коом Загрузка... 02 Июль 2025 16:55
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Бишкек жашыл курулуш

Бишкек, 02.07.25. /Кабар/. Бишкекте Кызыл-Аскер каналын тазалоо иштеринин алкагында 230 тоннадан ашуун таштанды чыгарылды. Бул тууралуу «Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасы билдирди.

Белгиленгендей, канал көптөн бери тазаланган эмес. Натыйжада анда ири көлөмдө ылай, тиричилик таштандылары топтолуп, өсүмдүктөр көбөйгөн. Бул көрүнүш каналдын суу өткөрүү мүмкүнчүлүгүн азайтып, жаан-чачындуу мезгилде суу каптоо коркунучун жараткан.

Иштер атайын техника — эксковаторлор, самосвалдар жана башка жардамчы жабдуулар менен жүргүзүлүүдө.

Тазалоонун негизги максаты — жаан-чачын көп болгон учурда айланасындагы аймактарды суу каптоодон коргоо, каналдын ишин калыбына келтирүү жана сел сууларынын тоскоолдуксуз агышын камсыз кылуу.

Тазалоо иштери белгиленген план боюнча улантылат.

Асыл Нурбек кызы