Бишкекте «Кыялымдагы Кыргызстан» форуму өтөт

Маданият 03 Ноябрь 2025 14:45
1080823570_0_120_1280_840_1920x0_80_0_0_f64a4e6b7cf43650531063d2dd7f7041.jpg
572130696_17993874116851989_1176047622266906937_n.jpg
Алдыга
Артка
1080823570_0_120_1280_840_1920x0_80_0_0_f64a4e6b7cf43650531063d2dd7f7041.jpg
572130696_17993874116851989_1176047622266906937_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 03.11.25 /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 10-ноябрында Бишкек шаарындагы кичи аренада Жаштар күнүнө карата «Кыялымдагы Кыргызстан» аттуу форум өтөт.

Маданият министрлигинен билдиришкендей, иш-чаранын максаты — активдүү жана таланттуу жаштар үчүн тажрыйба алмашуу жана өнүгүү аянтчасын түзүү. Форум жаштар уюмдарын, активисттерди жана ишкерлерди бириктирүүнү, жаштардын социалдык, экологиялык, маданий жана технологиялык демилгелерин көрсөтүүнү, жаштар менен мамлекеттик органдар ортосунда диалогду өнүктүрүүнү көздөйт.

Форумга жаш лидерлер, ишкерлер, стартап негиздөөчүлөр, илимий жана чыгармачыл жаштар, студенттер, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жаштар уюмдарынын жана эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрү катышат. Жалпысынан 5000ден ашуун катышуучу чогулмакчы.

Форумдун алкагында төмөнкү иш-чаралар өтөт:

  • «Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар» конкурсунун жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи;
  • Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин «Жаштар саясатынын отличниги» сыйлыгын тапшыруу;
  • интерактивдүү зоналар, VR-презентациялар жана кыскача питчтер;
  • башка кошумча иш-чаралар.

Мындан тышкары, форумдун алкагында маданий программа уюштурулуп, Кыргызстандын маданият кызматкерлеринин катышуусунда эстрада ырчыларынын концерттик номерлери көрсөтүлөт.