"Манас" улуттук академиясы чыгарган "Кырк чоро" китебинин бет ачары өттү

Маданият Загрузка... 21 Ноябрь 2025 14:19
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Президенттин администрациясы

Бишкек, 21.11.25. /Кабар/. Мамлекеттик катчы Марат Иманкулов "Манас" улуттук академиясы тарабынан басылып чыккан "Кырк чоро" китебинин бет ачарына катышты.

Иш-чара президент Садыр Жапаровдун "Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы - "Манас" эпосун ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө" жана "Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик" уңгужолу жөнүндө" жарлыктарын ишке ашыруунун алкагында өттү.

Мамлекеттик катчы куттуктоо сөзүндө "Манас" эпосундагы кырк чоро кыргыз мамлекеттүүлүгүн, улуттун биримдигин, эркиндигин жана руханий бийиктигин даңазалаган улуу мурастын символу экенин ырастады. Ал Манастын чоролору жөн гана мифологиялык каармандар эмес, эрдиктин, ынтымактын, улуу идеалга берилгендиктин, элди жана жерди коргоодо көрсөтүлгөн чыныгы мекенчилдиктин үлгүсү экенин белгиледи.

Марат Иманкулов бул китеп жаш муунду тарбиялоодо, улуттук аң-сезимди чыңдоодо жана тарыхый эстутумду жаңыртууда маанилүү идеологиялык булак болот деген ишенимин билдирди. Сунушталган китеп Манастын кырк чоросунун каармандык түс-келбетин, тарыхый ролун жана чыгармачыл образдарын чагылдырат. Басылма Сагынбай Орозбак уулунун жана Саякбай Карала уулунун варианттарынын академиялык басылыштарынын негизинде даярдалган.

Ал ошондой эле өлкө боюнча "Манас" эпосун тереңдетилген илимий, тарыхый жана маданий изилдөөлөрдү улантуу зарылдыгын баса белгиледи. Жаңы китептерди жана окуу куралдарын иштеп чыгуу жаштарды тарбиялоого, улуттук аң-сезимди бекемдөөгө жана кыргыз элинин руханий мурасын кеңири жайылтууга өбөлгө түзөт.

Мындан тышкары, ал бул ишти жогорку окуу жайларынын окутуучуларынын, жалпы билим берүүчү мектептердин мугалимдеринин, студенттердин жана окурмандардын кеңири чөйрөсүнүн арасында жайылтуунун маанилүүлүгүн баса көрсөттү.

Марат Иманкулов коомчулукту, бардык мекеме-уюмдарды улуттук руханий баалуулуктарды жайылтууга жана "Манас" эпосунун маанисин жана духун жаш муундарга жеткирүүгө активдүү көмөктөшүүгө чакырды.