Бишкекте KyrgyzTransLogistic эл аралык көргөзмөсү өз ишин баштады

Экономика Загрузка... 28 Октябрь 2025 18:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 28.10.25. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарында логистика, транспорт жана кампа жабдуулары боюнча экинчи эл аралык көргөзмө KyrgyzTransLogistic 2025 өз ишин баштады.

Уюштуруучулар билдиришкендей, көргөзмөгө Кыргызстан, Казакстан, Кытай, Россия, Өзбекстан жана Кореянын 45тен ашык компаниялары катышууда.

Иш-чаранын негизги максаты алдыңкы технологияларды тартуу жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү болуп саналат.

Экспозиция тармактын негизги багыттарын камтыды: транспорттук логистика жана ташуулар, кампа жабдуулары жана автоматташтыруу, логистикадагы IT-чечимдер, таңгактоо жана башкача тиешелүү кызматтар.

Көргөзмөнүн алкагында панелдик талкуулар, семинарлар жана тегерек үстөлдөр өткөрүлүп, анда тармактын алдыңкы эксперттери катышты. Катышуучулар эл аралык транспорттук коридорлорду өнүктүрүү, логистикалык процесстерди санариптештирүү, электрондук сооданын мүмкүнчүлүктөрү жана жүктөрдү көзөмөлдөө менен мониторингдин заманбап технологияларын киргизүү маселелерин талкуулашты.

Уюштуруучулардын маалыматы боюнча, KyrgyzTransLogistic 2025 жөн гана көргөзмө эмес, мамлекеттик түзүмдөр, бизнес жана эл аралык уюмдардын ортосундагы натыйжалуу диалогдун аянтчасы болуп калды.