Бишкекте Кыргызстандын деңизге чыгуу жолдору талкууланды

Экономика Загрузка... 09 Декабрь 2025 12:36
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 09.12.25. /Кабар/. Бишкекте "Маалыматтардан саясатка чейин: деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө соода жана транспорт чыгымдарын талдоону күчөтүү" аталышындагы улуттук семинар өттү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинен билдиришти.

Семинардын максаты макродеңгээлдеги куралдар боюнча окутууну практикалык ыкмалар менен, анын ичинде убакыттын баасынын аралыгы модели жана чек аранын натыйжалуулук индекси менен айкалыштыруу аркылуу соода жана транспорт чыгымдарын баалоо көндүмдөрүн өнүктүрүү болду.

Транспорт министринин орун басары Бекжан Рысмендеев өз сөзүндө Кыргызстан деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок өлкө катары соодага таасир этүүчү татаал структуралык чектөөлөргө туш болуп жатканын, бул экспорттун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнө, импорттун чыгымдарына жана экономикалык өнүгүүнүн ылдамдыгына түздөн-түз таасир этерин белгиледи.

"Деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок өлкөлөр үчүн туруктуу транзиттик чөйрө маанилүү.

Биз жүк ташууларды санариптештирүүнү активдүү колдойбуз: электрондук пломбалар, электрондук коштоочу документтер, бажы системаларын интеграциялоо жана бирдиктүү терезе системасы. Мунун баары чыгымдарды азайтып, сооданын ылдамдыгын жогорулатат.

Белгилей кетүүчү нерсе, Кыргызстан Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан каттамын, ошондой эле Каспий деңизине жана Европа өлкөлөрүнө чыгуучу коридорлорду кошо алганда, жолдорду, темир жол коридорлорун жана мультимодалдык логистикалык хабдарды өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасайт", - деди Рысмендеев.

Белгилей кетсек, иш-чара БУУнун аз өнүккөн өлкөлөр, деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок өнүгүп келе жаткан өлкөлөр боюнча жогорку өкүлүнүн кеңсеси менен биргеликте уюштурган.