Бишкекте Кыргызстандын авиация кызматкерлеринин күнү белгиленди

Коом 8 октябрь 2025 22:03
IMG_1623_KpEef.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90 (1).webp
IMG_1612.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90 (1).webp
IMG_1615.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90 (1).webp
IMG_1611.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90 (1).webp
IMG_1610.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90 (1).webp
IMG_1609.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90 (1).webp
Алдыга
Артка

copyright icon KABAR Кабар

Бишкек, 08.10.25. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте Кыргызстандын жарандык авиация күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өттү.

Салтанатка президент Садыр Жапаров, "Кыргызстан аэропорттору" ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, өлкөнүн жарандык авиациясынын кызматкерлери жана башка ардактуу коноктор катышты.

Өз сөзүндө мамлекет башчысы "Кыргызстандын аэропорттору" ийгиликтүү өнүгүп, өлкөнүн транспорттук инфраструктурасына олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.

"Биздин аэропорттор жүргүнчүлөр үчүн коопсуз жана ыңгайлуу болуп баратат. Модернизациялоо жана кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча масштабдуу иштер жүргүзүлүүдө. Региондордо жаңы аэропорттор ачылып жатат, ал эми эң ири долбоорлордун бири Жалал-Абад облусунда башталды. Ошондой эле Кыргызстанды авиациялык чектөөлөрдүн "кара тизмесинен" чыгаруу боюнча конкреттүү чаралар көрүлүүдө", – деп баса белгиледи президент.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын жарандык авиациясы 1933-жылы негизделген. Быйыл түзүлгөндүгүнүн 92 жылдыгы белгиленүүдө.