Бишкекте дрифт боюнча Кыргызстандын ачык чемпионаты өтөт

Спорт Загрузка... 11 Октябрь 2025 16:40
2.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 11.10.25. /Кабар/. 19-октябрда мурдагы Ганси авиабазасынын унаа токтотуучу аянтчасында дрифт боюнча Кыргызстандын ачык чемпионаты — Kyrgyz Drift Cup 2025 мелдешинин финалы өтөт.

Уюштуруучулар билдиришкендей, бул мелдеш ылдамдык, чеберчилик жана адреналинге толгон жаркын сезонду жыйынтыктайт. Жыл бою өлкөнүн мыкты пилоттору чемпион наамы үчүн күч сынашып келишти, эми чечүүчү финалда жеңүүчү аныкталат.

Финалга Кыргызстандагы эң күчтүү дрифтчилер, ошондой эле Өзбекстан жана Казакстандан келген пилоттор катышып, бул иш-чарага эл аралык маани берип, аны Борбор Азиядагы эң күткөн автоспорттук окуялардын бирине айлантат.

Көрүүчүлөр үчүн кызыктуу программа каралган:

  • мыкты пилоттордун кош жарыштары жана квалификациясы;
  • спорттук автоунаалар көргөзмөсү;
  • эс алуу жана фудкорт аймагы;
  • музыкалык программа.

Kyrgyz Drift Cup мелдеши анын негиздөөчүсү Владимир Комиссаров тарабынан КР Автомобиль жана мотоцикл спорту федерациясынын расмий колдоосу менен уюштурулган.