Бишкек, 14.10.25. /Кабар/. Бишкекте эртең, 15-октябрда "Кыргызстандагы белгилүү казактар" көргөзмөсү өтөт.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, иш-чара улуу окумуштуу, саякатчы жана сүрөтчү Чокан Валихановдун 190 жылдык мааракесине арналат.
Көргөзмө Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде ачылат.
Экспозицияда 37 белгилүү инсан — дарыгер, мугалим, инженер, артисттердин, мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин портреттери чагылдырылат. Ар бир образ аркылуу көрүүчүлөр Кыргызстандагы казактардын тагдыры өлкөнүн тарыхы жана маданияты менен кандайча тыгыз байланышканынан маалымат алышат.
Көргөзмөнүн өзгөчө бөлүгү Чокан Валихановдун (1835–1865) мурасына арналган. Анда окумуштуунун кыргыз көчмөндөрүнүн турмушун сүрөттөгөн эскиздери, белгилүү кыргыздардын портреттери, тоолуу пейзаждар жана Ысык-Көлдүн көрүнүштөрү көрсөтүлөт.
Көргөзмө казак жана кыргыз элдеринин кылымдар бою уланып келген достугу менен маданий биримдигин даңазалайт.