Бишкекте Кыргызстанда тигилген кийимдердин жарманкеси өтүүдө

Экономика
1762499767690d9cb7839ea.png
1762499768690d9cb8adaf7.png
1762499768690d9cb836dd8.png
1762499769690d9cb9b6981.png
1762499769690d9cb932dad.png
1762499770690d9cba6fbb3.png
1762499771690d9cbb13884.png
1762499771690d9cbb92010.png
1762499772690d9cbc15308.png
Алдыга
Артка
1762499767690d9cb7839ea.png
1762499768690d9cb8adaf7.png
1762499768690d9cb836dd8.png
1762499769690d9cb9b6981.png
1762499769690d9cb932dad.png
1762499770690d9cba6fbb3.png
1762499771690d9cbb13884.png
1762499771690d9cbb92010.png
1762499772690d9cbc15308.png
Алдыга
Артка
copyright icon Экономика жана коммерция министрлиги

Бишкек, 07.11.25. /Кабар/. Бишкек шаарындагы Эски аянтта Кыргызстанда тигилген кийимдердин жарманкеси өтүп жатат.

Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, жарманке 9-ноябрга чейин уланат.

Жарандар жана шаар коноктору жарманкеге келип, ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоп, алардын продукциялары менен таанышып, түздөн-түз өндүрүүчүлөрдөн жеткиликтүү баада алардын продукцияларын сатып ала алышат.

Жарманкеде жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн алдыңкы ишканалары өз продукцияларын — өлкөдө өндүрүлгөн сапаттуу кийимдерин жана текстиль буюмдарын сунуштоодо.

Белгилей кетсек, жарманке Экономика министрлигине караштуу "Кыргыз экспорт" борбору, Кыргыз тигүүчүлөр ассоциациясы жана Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосу менен уюштурулду.