Бишкекте венгр компаниялары кайра иштетүү тармагындагы технологиялары менен тааныштырууда

Экономика 5 ноябрь 2025 12:07
photo_5213330256096332638_y.jpg
photo_5213330256096332637_y.jpg
photo_5213330256096332636_y.jpg
photo_5213330256096332635_y.jpg
photo_5213330256096332634_y.jpg
photo_5213330256096332633_y.jpg
Алдыга
Артка
photo_5213330256096332638_y.jpg
photo_5213330256096332637_y.jpg
photo_5213330256096332636_y.jpg
photo_5213330256096332635_y.jpg
photo_5213330256096332634_y.jpg
photo_5213330256096332633_y.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 05.11.25. /Кабар/. Бүгүн Бишкектеги Венгрия элчилигинде Венгрия – Кыргызстан тамак-аш өнөр жайы форуму өтүүдө.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, иш-чаранын алкагында алдыңкы венгр компаниялары – Maurer Gép, Kavali жана Unimatik өкүлдөрү мөмө-жемиштерди кайра иштетүү үчүн заманбап жабдууларды жана инновациялык чечимдерди тааныштырышууда.

Форум Кыргызстандын ишкерлерине бул компаниялар менен түз байланыш орнотуп, жаңы өнөктөштүктөрдү түзүүгө жана акыркы кайра иштетүү технологиялары тууралуу маалымат алууга өзгөчө мүмкүнчүлүк берүүдө.

Иш-чарада министрликке караштуу Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаментинин директору Мухтар Чыналиев министрлик тарабынан көрсөтүлүп жаткан финансылык колдоо жана ишкерлер үчүн жеткиликтүү мүмкүнчүлүктөр тууралуу кеңири маалымат берди.

Форумдун негизги максаты – Кыргызстандын жана Венгриянын ишкерлеринин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо, инвестициялык жана технологиялык байланыштарды кеңейтүү болуп саналат.