Бишкекте Кыргызстан менен Өзбекстандын социалдык чөйрөдөгү кызматташтыгы талкууланды

Коом 1314 19 Март 2025 18:40
480942370_1088383163331356_1139057804064850366_n (1).jpg
480966284_1088383723331300_6636390487780217738_n.jpg
485388967_1088383333331339_6150820148701705796_n.jpg
480860969_1088383683331304_1555111474925542947_n.jpg
Алдыга
Артка
480942370_1088383163331356_1139057804064850366_n (1).jpg
480966284_1088383723331300_6636390487780217738_n.jpg
485388967_1088383333331339_6150820148701705796_n.jpg
480860969_1088383683331304_1555111474925542947_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти

Бишкек, 19.03.25. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Саидикрам Ниязходжаев менен жолугушту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эмгек, социалдык коргоо жана миграция жаатындагы мындан аркы кызматташуунун келечегин талкуулашты, ошондой эле бул чөйрөдөгү эки тараптуу мамилелердин азыркы абалы жана мүмкүн болуучу багыттары тууралуу пикир алмашышты.

"Алдыдагы үч мамлекет башчынын саммитинин алкагында жарандарыбызды ишке орноштуруу боюнча кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгилегим келет", – деди министр.
Министр Равшанбек Сабиров социалдык камсыздоо жаатында байланыштарды жана кызматташтыкты чыңдоого даярдыгын билдирип, тажрыйба алмашуунун жана мыкты тажрыйбаларды жайылтуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Саидикрам Ниязходжаев эмгек мигранттарын пенсия менен камсыз кылуу, ошондой эле каттоосу болгон учурда жүрүү узактыгы тууралуу сөз кылды.

Эмгек министрлигинин жетекчиси өз кезегинде миграция маселелеринде тыгыз өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн, ошондой эле башка маанилүү тармактарда кызматташууну мындан ары кеңейтүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү белгиледи. Жолугушуунун соңунда эки тарап жемиштүү диалогду улантууга жана эки өлкө ортосундагы достук байланыштарды мындан ары бекемдөөгө даяр экендиктерин билдиришти.