Бишкекте Кыргызстан менен Япониянын салык жаатындагы кызматташтыгы талкууланат

Экономика Загрузка... 03 Октябрь 2025 13:20
izobrazhenie_2_NPjM62R.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 03.10.25. /Кабар/. 6-9-октябрда Бишкекте Кыргызстан менен Япониянын делегацияларынын ортосундагы Киреше салыгына кош салык салууну болтурбоо жана салык төлөөдөн баш тартуунун жана салык салуудан качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууну түзүү талкууланат.

Сүйлөшүүлөр Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат.

Белгилей кетсек, кош салык салуудан качуу боюнча эл аралык келишимдер улуттук экономикага түз чет өлкөлүк инвестицияларды тартуунун натыйжалуу механизмдеринин бири катары каралат.

Келишимдин негизги милдеттери – бир мамлекеттин резидентин экинчи келишүүчү мамлекетте дискриминациялык салык салуудан коргоо, салыктан качуу же Келишимдин жоболорунан кыянаттык менен пайдаланууга жол бербөө, келишүүчү мамлекеттердин компетенттүү органдарынын ортосунда маалымат алмашууну камсыз кылуу.