Бишкекте кыргыз-япон эки тараптуу кызматташтыгы талкууланды

Саясат Загрузка... 04 Июль 2025 15:20
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 04.07.25. /Кабар/. Күн мурун тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Япониянын Кыргызстандагы элчиси Хидэки Годаны кабыл алды.

Тышкы саясий ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-япон эки тараптуу кызматташтык маселелери, анын ичинде активдүү саясий диалогду колдоо, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты бекемдөө, ошондой эле өлкөлөр ортосундагы келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү талкууланды.

Мындан тышкары, тараптар "Борбор Азия + Япония" диалогунун алкагындагы аймактык өз ара аракеттенүү маселелерине да токтолду.