Бишкекте Кыргызстан менен Катардын консулдук консультациялары өттү

Саясат Загрузка... 02 Сентябрь 2025 13:25
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 02.09.25. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте Кыргызстан менен Катардын Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда биринчи консулдук консультациялар өттү.

Ведомстводон маалымдашкандай, Кыргызстандын делегациясын ТИМдин Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулу, ал эми Катардын делегациясын өлкө ТИМинин Консулдук департаментинин директору Мухаммед бин Абдулла Аль-Субаи жетектеди.

Тараптар өз ара кызыкчылык туудурган актуалдуу маселелерди талкуулап, консулдук кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечеги тууралуу пикир алмашты.

Өзгөчө көңүл келишимдик-укуктук базаны кеңейтүүгө жана Ардактуу консул институтун ачууга бурулду. Консультациялардын маанилүү темаларынын бири эки мамлекеттин жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле алардын эки өлкөнүн аймактарында жүрүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү болду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара кызыкчылык жараткан бардык маселелер боюнча тыгыз жана үзгүлтүксүз байланыштарды улантууга даяр экендигин билдиришти.