Бишкекте Кыргызстан менен Ирандын ар тараптуу кызматташтыгы талкууланды

Саясат Загрузка... 28 Февраль 2025 09:14
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 28.02.25. /Кабар/. Күн мурун тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кыргызстанга расмий сапар менен келген Ирандын эл аралык иштер жана аймактык кызматташтык боюнча биринчи вице-президентинин орун басары Али Наджафи Хошруди менен жолугушту.

Ведомстводон билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө Жээнбек Кулубаев саясий диалогдун жогорку деңгээлин жана эки тараптуу мамилелердин ар түрдүү тармактарындагы туруктуу өнүгүүсүн белгиледи. Ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, өз ара аракеттенүүнүн мындан ары тереңдешине ишеним билдирди.

Тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну активдештирүүгө көңүл буруп, анын ичинде транспорт-логистика, айыл чарба, туризм жана башка негизги тармактарга инвестиция тартууда жана соода жүгүртүүнү көбөйтүүдө байланыштарды бекемдөөгө ниеттерин билдиришти.

Мындан тышкары, жолугушууда эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болуп, БУУ, ЭКУ, ШКУ, ИКУ жана ЕАЭБ сыяктуу көп тараптуу уюмдардын алкагында кызматташууну улантууга даярдыктар ырасталды.

Жолугушунун жыйынтыгында Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы өз ара пайдалуу өнөктөштүктү орнотууга өбөлгө боло турган эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө жана ишкердик байланыштарды чыңдоого макулдашуулар жетишилди.