Бишкекте Кыргызстан менен Евробиримдиктин кызматташтыгы талкууланды

Саясат Загрузка... 15 Май 2025 13:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 15.05.2025. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Европа Бириримдигинин Борбор Азия боюнча жаңы дайындалган атайын өкүлү - элчи Эдуардс Стипрайс менен жолукту. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Евробиримдиктин ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын кеңири чөйрөсү, аны мындан ары кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча маселелер талкууланды. Бул өңүттөн алып караганда, тараптар жогорку деңгээлдеги саясий диалогдун акыркы жылдардагы оң динамикасын белгилешти.

Министр Кулубаев Европа Биримдиги менен өнөктөштүктү өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдирип, айрыкча экологиялык демилгелер, санариптик трансформация жана адам ресурстарын өнүктүрүү сыяктуу маанилүү тармактарды баса белгиледи. Мында өзгөчө көңүл соода жана инвестициялар, энергетика, транспорттук инфраструктура жаатында кызматташтыкты кеңейтүүгө бурулду.

Өз кезегинде атайын өкүл Стипрайс Европа Биримдигинин Кыргызстан менен кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө болгон умтулуусун белгилеп, экономикалык өз ара аракеттенүүнү жана туруктуу өнүгүүнү чыңдоого багытталган демилгелерди колдоого даяр экенин белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки тараптуу байланышты чыңдоого багытталган конструктивдүү диалогду жана тиешелүү ишти улантуу макулдашылды.