Бишкекте KyrgyzBuild 2025 көргөзмөсү өтөт

Коом 14 апрель 2025 17:30
Бишкекте KyrgyzBuild 2025 көргөзмөсү өтөт

Бишкек, 14.04.25. /Кабар/. 15-17-апрель аралыгында Бишкек шаарында курулуш тармагынын эң ири эл аралык иш-чарасы — KyrgyzBuild 2025 көргөзмөсү өтөт.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, расмий ачылыш аземи 15-апрель күнү саат 11:00дө Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын манежинде (Ахунбаев көчөсү 97) өтүп, ага министр Нурдан Орунтаев катышат.