Бишкек, 09.07.25. /Кабар/. Суу ресурстары ,айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде “Кыргыз жылкысы – кымыз” аттуу илимий-практикалык конференция өттү.
Ведомстводон маалымдашкандай, иш-чарага ветеринария, зоотехния, этнография, биотехнология тармактарындагы адистер, окумуштуулар, дыйкан-чарбагерлер жана жылкы багууну кесип кылган практиктер катышып, баяндамалар жасалды.
Конференцияда жылкынын кыргыз турмушундагы ролу, асыл тукумду сактоо маселеси, кымыз өндүрүүнүн заманбап ыкмалары, экспорттук мүмкүнчүлүктөрү жана элдик дарылык тажрыйбаларга байланыштуу маанилүү пикирлер айтылды.
Конференция — улуттук байлыкты сактоо жана жаңы муунга өткөрүп берүү аракетинин бир бөлүгү катары каралды.
Иш-чаранын жыйынтыгында бир катар илимий сунуштар, практикалык демилгелер жана өнөктөштүк долбоорлор кабыл алынып, тиешелүү резолюция кабыл алынды.