Бишкекте кыргыз-өзбек соода кызматташтыгын күчөтүү маселеси талкууланды

Экономика Загрузка... 21 Июль 2025 12:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Экономика жана коммерция министрлиги

Бишкек, 21.07.25. /Кабар/. Экономика жана коммерция министрлигинде кыргыз-өзбек соода кызматташтыгын күчөтүү планы талкууланды.

Ведомстводон маалымдашкандай, талкуу министринин орун басары Султан Ахматов жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.

Анда 2024-2030-жылдарга карата Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда өз ара соода жүгүртүүнү көбөйтүү маселеси каралды.

Бул план эки өлкөнүн ортосундагы соода көлөмүн туруктуу көбөйтүүгө, тоскоолдуктарды жоюуга жана өнөр жай кооперациясын күчөтүүгө багытталган.

Жолугушуунун жүрүшүндө айыл чарба продукциясы, текстиль, курулуш материалдары жана электр жабдуулары боюнча сооданы активдештирүү багытындагы иштер, ошондой эле мамлекеттик органдардын планды ишке ашыруудагы учурдагы жыйынтыктары талкууланды.

Жыйындын жыйынтыгында мамлекеттик органдарга планды ыкчам ишке ашырууга, маалымат менен үзгүлтүксүз алмашууга, биргелешкен ишкердик иш-чараларды өткөрүүгө жана соода кызматташтыгынын жүрүшүндө жаралган маселелерди тез арада чечүүгө багытталган тапшырмалар берилди.