Бишкек, 28.07.26 /Кабар/. Бишкек шаарында мамлекеттик органдардын жана эки өлкөнүн бизнес өкүлдөрүнүн катышуусунда кыргыз-өзбек бизнес-форуму өтүүдө.
Форумда соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү, инвестициялык байланышты чыңдоо жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланууда.
Иш-чарага тоо-кен, курулуш, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы, фармацевтика, текстиль жана гидроэнергетика тармактарынын өкүлдөрү катышып жатат.
Форумдун алкагында кыргызстандык жана өзбекстандык ишкерлердин ортосунда B2B форматындагы жолугушуулар өтүп, товарларды түз жеткирүү жана биргелешкен ишканаларды түзүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланат.
Иш-чаранын жыйынтыгында эки тараптуу келишимдерге кол коюлуп, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган жаңы макулдашууларга жетишүү күтүлүүдө.