Бишкекте кыргыз-венгер суу технологиялар форуму өттү

Коом 27 Май 2025 17:45
WhatsApp Image 2025-05-27 at 17.37.46 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-05-27 at 17.38.35.jpeg
WhatsApp Image 2025-05-27 at 17.38.50.jpeg
WhatsApp Image 2025-05-27 at 17.38.59.jpeg
WhatsApp Image 2025-05-27 at 17.38.18.jpeg
WhatsApp Image 2025-05-27 at 17.38.04.jpeg
WhatsApp Image 2025-05-27 at 17.37.55.jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Жээнбек Сагыналиев
Жазгүл Мадинова

Жазгүл Мадинова

Бардык материалдар

Бишкек, 27.05.25. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте кыргыз-венгер суу технологиялар форуму өттү. Ага эки өлкөнүн мамлекеттик кызматкерлери, суу ресурстары жана энергетика тармагындагы адистер, ишкерлер катышты.

Иш-чара Венгриянын Кыргызстандагы элчилигинин демилгеси менен уюштурулуп, анын алкагында бүткүл аймак үчүн эң маанилүү темалардын бирине айланган суу маселеси талкууланды.

Бүгүнкү күндө суу жөн гана табигый ресурс эмес, азык-түлүк коопсуздугунун, энергетиканын, калктын саламаттыгынын жана мамлекеттер аралык туруктуу кызматташтыктын негизи. Мындан улам форумдун катышуучулары Венгрия тараптан сунушталып жаткан жаңы технологиянын, айрыкча, иригациясы өнүгө элек аймактарда колдонууга учур келгенин билдиришти.