Бишкекте кыргыз-түрк бизнес форуму өтөт

Экономика Загрузка... 22 Август 2025 18:32
1.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 22.08.25. /Кабар/. 18-сентябрда Бишкекте кыргыз-түрк бизнес форуму өтөт. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти.

Форум эки өлкөнүн мамлекеттик түзүмдөрүнүн, ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүн жана инвестициялык компанияларын бириктирет.

Иш-чара экономиканын негизги тармактарындагы биргелешкен долбоорлорду талкуулоо жана илгерилетүү үчүн аянтча болмокчу. Анын ичинде төмөнкү багыттар бар:

  • соода жана инвестиция;
  • өнөр жай жана өндүрүш;
  • транспорт жана логистика;
  • энергетика жана анын кайра жаралуу булактары;
  • айыл чарба жана кайра иштетүү;
  • курулуш жана инфраструктура;
  • туризм жана мейманкана ишкердиги;
  • билим берүү, илим жана санариптик технологиялар.

Бизнес-форумдун алкагында B2B жана B2G форматындагы жолугушуулар каралып, инвестициялык долбоорлордун бет ачары, жаңы өнөктөштүк байланыштарды түзүү жана кыргыз-түрк кызматташтыгынын келечектүү багыттары талкууланат.

Уюштуруучулар Кыргызстан менен Түркиянын ишкерлерин, бизнестин жана уюмдардын өкүлдөрүн катышууга арыз берүүгө чакырат.