Бишкекте кыргыз-түркмөн маданий кызматташтыгын арттыруу маселеси талкууланды

Маданият 19 Июнь 2025 17:56
509435390_1020844196874003_2206783003686022701_n.jpg
509436872_1020844136874009_8963858150250217946_n.jpg
509426026_1020844116874011_4592884987917927747_n.jpg
509275041_1020844100207346_2965515839653889019_n.jpg
Алдыга
Артка
509435390_1020844196874003_2206783003686022701_n.jpg
509436872_1020844136874009_8963858150250217946_n.jpg
509426026_1020844116874011_4592884987917927747_n.jpg
509275041_1020844100207346_2965515839653889019_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 19.06.25. /Кабар/. Бүгүн маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Түркмөнстандын элчиси Нуры Голлиев менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Жолугушуу Кыргызстандын жана Түркмөнстандын маданий кызматташтыгын күчөтүү, эки өлкөнүн маданий мурасын сактоо жана өнүктүрүү маселелерин талкуулоо максатында өткөрүлдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр Мирбек Мамбеталиев Кыргызстандын маданият тармагындагы жетишкендиктери жана максаттары жөнүндө айтып берди. Ал Түркмөнстандын маданиятына жана искусствосуна болгон кызыгууну белгилеп, эки өлкөнүн маданий алмашуусун жандандыруунун маанилүүлүгүнө токтолду.

Элчи Нуры Голлиев Түркмөнстан менен Кыргызстандын ортосундагы маданий байланыштарды чыңдоого даярдыгын ырастап, түрк тилдүү мамлекеттердин маданий мурастарын биргелешип сактоо жана өнүктүрүү боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыгуусун билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар маданий алмашууларды, көргөзмөлөрдү, фестивалдарды жана искусство тармагындагы долбоорлорду өткөрүү боюнча пландарды иштеп чыгууга макулдашты.

Мындан тышкары, эки өлкөнүн маданий мекемелеринин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө боюнча конкреттүү кадамдарды талкуулады.