Бишкекте Кыргыз-Түрк бизнес форуму өтүүдө

Экономика 975 18 Сентябрь 2025 12:18
WhatsApp Image 2025-09-18 at 12.06.42.jpeg
WhatsApp Image 2025-09-18 at 12.06.42 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-09-18 at 12.06.43 (3).jpeg
WhatsApp Image 2025-09-18 at 12.06.43 (5).jpeg
WhatsApp Image 2025-09-18 at 12.06.43 (4).jpeg
WhatsApp Image 2025-09-18 at 12.06.43 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-09-18 at 12.06.43.jpeg
WhatsApp Image 2025-09-18 at 12.06.42 (3).jpeg
WhatsApp Image 2025-09-18 at 12.06.42 (2).jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 18.09.25. /Кабар/. "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Соода-экономикалык кызматташтык боюнча Кыргыз-Түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 12-жыйынынын алкагында Кыргыз-Түрк бизнес-форум өтүүдө.

Форумда Кыргызстандагы инвестициялар үчүн артыкчылыктуу багыттар катары жеңил жана тамак-аш өнөр жайы, агрардык сектор жана кайра иштетүү, энергетика, транспорт жана логистика, IT жана санариптик экономика, туризм тармагы белгиленип, Түркия Кыргызстандагы алдыңкы инвестор экени маалымдалды.

Алсак, 2020-2024-жылдар аралыгында инвестициялар 1,449 млрд доллар, өз ара товар жүгүртүү 2,3 млрд долларды түзгөн.

Ошондой эле форумдун жүрүшүндө Кыргызстан менен Түркиянын ишкерлери соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү, инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин көтөрүшүүдө.

Белгилей кетсек, Түрк мамлекеттер уюму тышкы саясат жана соодадан тартып, энергетика, жашыл экономика, туризм, санариптештирүү жана космосту изилдөө сыяктуу 35тен ашык ар кандай чөйрөдө активдүү кызматташып келет.

Бизнес-форум КР президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик тарабынан уюштурулуп, эки өлкөнүн тиешелүү мамлекеттик органдары, ишкерлери катышууда.

Эскерте кетсек, буга чейин Соода-экономикалык кызматташтык боюнча Кыргыз-Түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 12-жыйыны өтүп, натыйжада өкмөттөр аралык жыйындын протоколуна жана башка документтерге кол коюлду.