Бишкекте кыргыз-монгол өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны өтүүдө

Саясат Загрузка... 27 Июнь 2025 12:22
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Бишкек, 27.06.25. /Кабар/. Бишкекте соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча кыргыз-монгол өкмөттөр аралык комиссиясынын бешинчи жыйыны өтүүдө.

Жыйын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана Монголиянын вице-премьер-министри Сайнбуянгийна Амарсайхананын төрагалыгында өтүүдө.

Тараптар алгач тар форматта, андан кийин кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн жыйындар залына өтүштү.

Минкабдын төрагасынын орун басары иш-чаранын бардык катышуучулары менен саламдашып, монголиялык конокторду кыргыз жеринде көргөнүнө кубанып турганын белгиледи.

Эдил Байсалов Монголиянын вице-премьер-министрине кыргыз-монгол өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынына өзү менен кошо жоон топ делегацияны алып келгенине ыраазычылык билдирди.

"Кыргыз тарап эки тараптуу мамилелерге өзгөчө маани берерин дагы бир жолу баса белгилегим келет. Бул жолугушуу Монголиянын президентинин Кыргызстанга сапарынын алдында өтүп жатканына кубанычтабыз", - деди Байсалов.

Ал белгилегендей, тар форматтагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар кылымдарды карыткан тарыхый байланыштардын тереңдигин белгилешти.

Өз кезегинде Монголиянын вице-премьер-министр Сайнбуянгийн Амарсайхан дагы алардын делегациясын жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

"Биз эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн кезектеги жыйынын сиздердин өлкөңүздөрдө өткөрүп жатабыз. Биздин элдер байыртадан эле өз ара байланышта болуп келген, эки эл тең жаратылышты кастарлашат. Биз бүгүн жолугушууларыбызда экономикалык жактан да, руханий жактан да байланыштарыбызды чыңдап жатканыбызга абдан кубанычтабыз. Элдердин окшоштугу биз үчүн абдан баалуу. Бүгүнкү жолугушууларда бир туугандар бизди түндүк формасында курулган жаңы имаратта тосуп алып жатышкандыгы бизди кубандырат. Бул биздин руханий жана маданий баалуулуктарыбыздын окшоштугу. Бул жерде өзүбүздү үйүбүздөгүдөй сезип жатабыз", - деди ал.

Ошондой эле ал Монголиянын президентинин алдыда Кыргызстанга боло турган сапарынын маанилүүлүгүн жана бул сапар ишкер чөйрөлөрдүн өкүлдөрү жана ишкерлер үчүн байланыштарды жана кызматташтыкты түзүүгө негиз болоорун баса белгиледи. Алар эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу байланыштарды чыңдоого салым кошот.

"Биздин саясий байланыштарыбыз дайыма өнүгүүдө экенин кубануу менен белгилеп кетким келет жана кыргыз тарап эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерине ыраазычылык билдиргим келет", - деди Монголиянын вице-премьер-министри.

Жыйындын жыйынтыгы менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча кыргыз-монгол өкмөттөр аралык комиссиясынын 5-жыйынынын протоколуна кол коюу күтүлүүдө.