Бишкекте кыргыз-монгол өкмөттөр аралык комиссиясынын V жыйыны өттү — Кабар

Бишкекте кыргыз-монгол өкмөттөр аралык комиссиясынын V жыйыны өттү

Саясат 27 июнь 2025 15:44
685e5e428fe00-thumb.jpg
685e5e42b8f69-thumb.jpg
685e5e42b579f-thumb.jpg
685e5e42da5d5-thumb.jpg
685e5e42db620-thumb.jpg
685e5e423d1b5-thumb.jpg
685e5e428fbf3-thumb.jpg
685e5e428fe00-thumb.jpg
685e5e432a6cb-thumb.jpg
685e5e432a357-thumb.jpg
685e5e4271b20-thumb.jpg
685e5e4305c54-thumb.jpg
685e5e424241c-thumb.jpg
685e5e4273994-thumb.jpg
685e5e4304528-thumb.jpg
Алдыга
Артка
685e5e428fe00-thumb.jpg
685e5e42b8f69-thumb.jpg
685e5e42b579f-thumb.jpg
685e5e42da5d5-thumb.jpg
685e5e42db620-thumb.jpg
685e5e423d1b5-thumb.jpg
685e5e428fbf3-thumb.jpg
685e5e428fe00-thumb.jpg
685e5e432a6cb-thumb.jpg
685e5e432a357-thumb.jpg
685e5e4271b20-thumb.jpg
685e5e4305c54-thumb.jpg
685e5e424241c-thumb.jpg
685e5e4273994-thumb.jpg
685e5e4304528-thumb.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 27.06.25. /Кабар/. «Ынтымак Ордо» имаратында соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча кыргыз-монгол өкмөттөр аралык комиссиясынын бешинчи жыйыны болуп өттү. 

Комиссиянын биргелешкен ишин Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана Монголиянын вице-премьер-министри Сайнбуянгийн Амарсайхан жетектешти. Жыйын тар чөйрөдө башталып, анын жүрүшүндө эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды. Андан соң жыйын эки өлкөнүн тиешелүү министрликтеринин жана ведомстволорунун өкүлдөрүнүн катышуусунда кеңейтилген форматта улантылды. 

Жыйынды ачып жатып, Эдил Байсалов кыргыз-монгол мамилелеринин артыкчылыктуу мүнөзүн баса белгилеп, моңгол тарапка «өкүлдүү делегациясы жана жетекчиликтин жеке катышуусу үчүн» ыраазычылык билдирди. Ал «миң жылдыктарга кеткен тарыхый тамырларыбыздын терең туугандыгын» белгилеп, азыркы жолугушуу Монголиянын Президентинин Кыргызстанга болжолдонгон сапарына түрткү берерине ишеним билдирди. Ошондой эле моңгол өнөктөштөрүнө алдыдагы улуттук майрамы — Наадам майрамына карата куттуктоолор айтылды.

Монголиянын вице-премьер-министри Сайнбуянгийн Амарсайхан өз кезегинде Кыргызстан менен Монголия "байыртадан бери эле жалпы руханий баалуулуктарга жана жаратылышка аяр мамилеге байланыштуу" экенин баса белгиледи. Ал Монголиянын Президентинин алдыдагы сапары эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланыштарды кеңейтүүгө жана эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары чыңдоого маанилүү кадам болоруна ишенимин билдирди. 

Жыйындын жүрүшүндө тараптар товар жүгүртүүнү көбөйтүү, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, туризмди өнүктүрүү, гуманитардык алмашууларды тереңдетүү, ошондой эле илим жана жогорку технологиялар жаатында өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү маселелерин кеңири талкуулашты. Ишкердик демилгелерди колдоо жана ишкерлер үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча күч-аракеттерди координациялоого өзгөчө көңүл бурулду.

Жыйындын жыйынтыгында кыргыз-монгол өкмөттөр аралык комиссиясынын бешинчи жыйынынын протоколуна кол коюлду, анда жетишилген макулдашуулар бекитилип, социалдык-экономикалык өнүгүүгө, жарандардын бакубаттуулугун жогорулатууга, ошондой эле эки мамлекеттин ортосундагы достукту, ишенимди жана өз ара пайдалуу өнөктөштүктү чыңдоого багытталган конкреттүү чаралар каралган. 

Маалымат үчүн: Кыргыз-монгол өкмөттөр аралык комиссиясы - соода, инвестиция, илим, техника жана маданият тармактарындагы эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн негизги механизми. Комиссиянын алкагында кабыл алынган чечимдер биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жана Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы өнөктөштүктү мындан ары тереңдетүүгө өбөлгө түзөт.