Бишкекте кыргыз-монгол бизнес-форуму өттү

Экономика 21 июль 2025 16:35
521264860_18392560099186715_4878186378804779333_n.jpg
519672550_18392560126186715_8751382201309177582_n.jpg
520763796_1149978347148522_251142112034391904_n.jpg
520880882_18392560108186715_2677301277179031090_n.jpg
520887749_1149978363815187_1913300964784195861_n.jpg
521386926_1149978367148520_7958354197126595275_n.jpg
522125286_1149978350481855_6663460881450359712_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Соода-өнөр жай палатасы

Бишкек 21.07.25. /Кабар/. Бишкекте кыргыз-монгол бизнес форуму жана В2В форматындагы бир катар жолугушуулар өттү. Бул тууралуу КР Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуулар Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурелсухтун Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алкагында уюштурулду.

Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Толкунай Таалайбекова форум эки тараптуу экономикалык кызматташтыкты практикалык өнүктүрүүдөгү маанилүү этап болуп калганын баса белгиледи.

Кыргызстан менен Монголияны көчмөндөрдүн жалпы мурасы жана маданий салттары бириктирип турат. 2026-жылы Кыргызстанда өтө турган Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын утурлай тараптар маданий гана эмес, экономикалык алакаларды да бекемдөөнү пландаштырышууда.

Форумдун алкагында үзгүлтүксүз ишкердик байланыштар, долбоорлор менен алмашуу жана биргелешкен демилгелерди илгерилетүү үчүн жумушчу аянтча боло турган кыргыз-моңгол Ишкерлер кеңешин түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюлду.

Форумга эки өлкөнүн IT, айыл чарба жана тамак-аш тармактары, логистика жана транспорт, туризм жана ага тиешелүү тармактарды көрсөткөн алдыңкы компаниялары катышты.