Бишкек, 04.06.26. /Кабар/. "Old Bishkek" комплексинде кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүлөрү Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков жана Ишеналы Арабаевге арналган монументалдуу паннонун салтанаттуу ачылышы өттү.
Иш-чарага мамлекеттик катчы Арслан Койчиев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, легендарлуу парламенттин төрагасы Медеткан Шеримбеков, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Медербек Алиев, депутат Элвира Сурабалдиева, Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Латиф Сейфаддин оглы Гандилов, ошондой эле илимий чөйрөнүн, маданият тармагынын жана ЖМК өкүлдөрү катышты.

Салтанатта сүйлөгөн сөзүндө мамлекеттик катчы Арслан Койчиев бул окуянын өзгөчө маанисин баса белгиледи.
"Бүгүн тарыхый окуя болуп жатат. Бул паннонун ачылышы Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышы менен туш келгени өзгөчө символикалуу. Мындан жүз жыл мурун, паннодо сүрөттөлгөн улуу инсандар элибиздин аты тарыхта калышын кыялданышкан. Бүгүн биз алардын эмгегинин жана көрөгөчтүгүнүн жыйынтыгын көрүп жатабыз. Президент Садыр Жапаров белгилегендей, биз эгемендүү Кыргызстандын бекем пайдубалын түптөгөн мамлекетибиздин негиздөөчү аталарын урматтоого жана даңазалоого милдеттүүбүз", — деди ал.
Бул күндүн дагы бир маанилүү окуясы — Кыргызстандын тарыхына жана улуттук мурастарды сактоого арналган жаңы маданий мейкиндик — "Old Bishkek" арт-галереясынын ачылышы болду. Ушул эле жерде кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүлөрү тууралуу китептин бет ачары өтүп, алардын республиканын түптөлүшүнө кошкон салымы тууралуу даректүү тасма көрсөтүлдү.

Салтанатта сүйлөгөн сөзүндө мамлекеттик катчы Арслан Койчиев бул окуянын өзгөчө маанисин баса белгиледи.
"Бүгүн тарыхка кире турган чоң окуя болуп жатат. Бул паннонун ачылышы БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышы менен туш келгени өзгөчө символикалуу. Мындан жүз жыл мурун, паннодо сүрөттөлгөн улуу инсандар элибиздин аты тарыхка алтын тамгалар менен жазылышын кыялданышкан. Бүгүн биз алардын эмгегинин жана көрөгөчтүгүнүн жыйынтыгын көрүп жатабыз. Президент Садыр Жапаров белгилегендей, биз эгемендүү Кыргызстандын бекем пайдубалын түптөгөн мамлекетибиздин негиздөөчү аталарын урматтоого жана даңазалоого милдеттүүбүз", - деди ал.
Бул күндүн дагы бир маанилүү окуясы – Кыргызстандын тарыхына жана улуттук мурастарды сактоого арналган жаңы маданий мейкиндик – "Old Bishkek" арт-галереясынын ачылышы болду. Ушул эле жерде кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүлөрү тууралуу китептин бет ачары өтүп, алардын республиканын түптөлүшүнө кошкон салымы тууралуу даректүү тасма көрсөтүлдү.

Эске салсак, 2024-жылы президенттин жарлыгы менен Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков жана Ишеналы Арабаевге расмий түрдө "Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүлөрү" макамы берилген. Бул чечим тарыхый мурастарды сактоо жана улуттук аң-сезимди чыңдоо максатында кабыл алынган.
Долбоордун авторлорунун айтымында, мамлекет негиздөөчүлөрүнүн башкы сапаттары – жогорку кесипкөйлүк, эл алдындагы жоопкерчилик, агартуучулук идеяларына берилгендик жана өлкө кызыкчылыгына жан аябай кызмат кылуу болгон. Алардын басып өткөн өмүр жолу бүгүн да Мекенге жана мамлекеттик ишке берилгендиктин үлгүсү болуп кала берет.

Салтанаттын катышуучулары бул жаңы арт-объекттин маданий гана эмес, маанилүү агартуучулук мааниси бар экенин белгилешти. Панно борбор калаанын тургундары менен конокторуна өлкө тарыхы жана заманбап кыргыз мамлекетинин негизин салып кеткен инсандардын мурасы менен таанышууга шарт түзгөн кезектеги аянтча болуп калат.