Бишкекте кыргыз-кытай стратегиялык өнөктөштүгүнүн келечеги талкууланды

Саясат 1294 28 Январь 2026 18:30
image1.jpg
image2.jpg
image6.jpg
image5.jpg
image4.jpg
image3.jpg
Алдыга
Артка
image1.jpg
image2.jpg
image6.jpg
image5.jpg
image4.jpg
image3.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 28.01.26. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Кытай коомдук илимдер академиясынын президенти Гао Сян баштаган делегацияны кабыл алды.

Парламенттен билдиришкендей, жолугушууда төрага Кытай Кыргызстандын негизги өнөктөшү экенин жана соода-экономикалык алакалар тарыхый чекке жеткенин белгиледи.

Ошондой эле 2024-жылдагы өз ара расмий сапарлар парламенттер аралык кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарганы айтылды.

"Кыргызстан Кытайдын илимий-техникалык жетишкендиктерин пайдаланууга жана тажрыйба алмашууга кызыкдар", - деди төрага.

Өз кезегинде Гао Сян кыргыз тарыхына байланыштуу Кытайдагы маалыматтарды биргелешип изилдөө үчүн "Мурас" фонду менен кызматташуу улантыларын билдирди.

Гао Сян төраганы Кытай коомдук илимдер академиясынын ишмердүүлүгү менен таанышып кетүүгө чакырды.