Бишкекте кыргыз-кытай мамилелерин ар тараптан өнүктүрүү маселеси талкууланды

Саясат Загрузка... 17 Апрель 2025 17:18
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы

Бишкек, 17.04.25. /Кабар/.Бүгүн Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов жана депутат Кубанычбек Самаков Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпин менен жолугушту. 

Парламенттен билдиришкендей, тараптар жолугушууда соода-экономикалык байланышты күчөтүү,  кыргыз-кытай мамилелерин ар тараптан өнүктүрүү тууралуу баарлашты.   

Комитет төрагасы өз сөзүндө кыргыз-кытай достук мамилесин жогору баалай турганын белгилеп, тармактык комитет эличиликтин миссиясына  колдоо көрсөтүп, көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди.

Улан Примов буга чейин өлкө жетекчилигинин, депутаттардын кошуна өлкөгө жасаган иш сапарлары жемиштүү болгонун эске салып, эки өлкөнүн парламенттер аралык байланышын күчөтүүгө да чоң маани берилет деди.

“Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү мурда болуп көрбөгөндөй өсүп, 5,5 млрд долларга жетти”, - деп белгиледи комитет төрагасы.

Өз кезегинде элчи Лю Цзянпин өлкө башчыларынын Кытайга болгон мамлекеттик сапарында өз ара мамилелердин бардык аспектилери тууралуу сөз болуп, кызматташтык боюнча 24 документке кол коюлганы эң чоң ийигилик деп билдирди.

“Натыйжада парламенттер аралык кызматташтык дагы жаңы деңгээлге көтөрүлдү”, - деди элчи Лю Цзянпин.