Кыргыз-кытай кызматташтыгы: Жогорку деңгээлдеги иш сапарлар күтүлүүдө

Саясат Загрузка... 29 Январь 2026 16:42
c9a9ed25-40ba-3824-b0f8-604aef27ac0c.jpeg
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 29.01.26. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпин менен жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-кытай өз кызматташтыгынын маселелеринин кеңири чөйрөсүн талкуулашып, соода-экономикалык жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурушту.

Мындан тышкары, жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги иш сапарлардын маселелери каралып, Кыргызстанда маанилүү иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги аспектилер боюнча пикир алмашуу болду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу кызматташтыктын мындан аркы өнүгүүсүнө берилгендигин тастыкташты, ошондой эле 2026-жылга карата өз ара аракеттенүүнүн артыкчылык багыттарын аныкташты.