Бишкекте кыргыз күрөш боюнча өлкө чемпионаты өтүүдө

Спорт 28 Ноябрь 2025 10:30
590827777_864184832621402_383901285479981081_n.jpg
591423787_864184949288057_8091136167845821428_n.jpg
Алдыга
Артка
590827777_864184832621402_383901285479981081_n.jpg
591423787_864184949288057_8091136167845821428_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 28.11.25. /Кабар/. Күн мурун Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда эркектер жана кыз-келиндер арасында Кыргыз күрөш боюнча өлкө чемпионатынын ачылыш аземи өттү.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, чемпионатта эркектер 60 кг, 66 кг, 72 кг, 78 кг, 84 кг, 90 кг, 96 кг жана +96 кг, ал эми кыз-келиндер 60 кг, 66 кг жана +66 кг салмак даражаларында күч сынашууда.

Мелдештин негизги максаты – Кыргыз күрөшүн эл аралык деңгээлде өнүктүрүү, курама команданы түзүү, спортчулардын чеберчилигин арттыруу жана Дүйнөлүк жана Азия чемпионаттарына талапкерлерди тандоо болуп саналат.

Жеңүүчүлөргө Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан I, II жана III даражадагы дипломдор жана медалдар тапшырылат.