Бишкекте кыргыз-казак маданий кызматташтыгы талкууланды

Коом 16 июнь 2025 16:50
508169594_1018802133744876_6624207151014500094_n.jpg
508147562_1018802600411496_1912320679322736597_n.jpg
508169345_1018802810411475_8780953419243855858_n.jpg
Алдыга
Артка
508169594_1018802133744876_6624207151014500094_n.jpg
508147562_1018802600411496_1912320679322736597_n.jpg
508169345_1018802810411475_8780953419243855858_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 16.06.25. /Кабар/. Бүгүн маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Казакстандын элчиси Рапил Жошыбаев менен жолукту. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар кыргыз-казак маданий кызматташуусунун туруктуу мүнөзүн белгилешти. Бул кызматташтык кылымдарды камтыган ынак коңшулаштык, тарыхый жана руханий жакындыктын негизинде түзүлүп, эки тараптуу достукту чыңдоого, өз ара пайдалуу өнөктөштүктү өнүктүрүүгө жана маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүүгө багытталган.

Министр Мирбек Мамбеталиев тийиштүү мекемелердин тыгыз өз ара аракеттенүүсү жана биргелешкен демилгелери эки элдин ортосундагы достук байланыштарды бекемдөөгө, маданий алмашууну тереңдетүүгө өбөлгө болоруна ишеним билдирди.

Жолугушуу жылуу жана конструктивдүү маанайда өтүп, Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы жогорку деңгээлдеги өз ара түшүнүшүүнү дагы бир жолу тастыктады.