Кыргыз-казак айтышы: Баш байгени кимдер багындырды?

Маданият 18 Май 2026 09:25
1.jpg
2.jpg
700285859_1278468697778217_675453349967528187_n.jpg
700324913_1278468631111557_2078473844099511216_n.jpg
700692149_1278468727778214_6330305688951956704_n.jpg
701056157_1278468554444898_7321574973125336834_n.jpg
701245898_1278468784444875_5308549525727113655_n.jpg
701286789_1278468604444893_8409271203700420474_n.jpg
701312359_1278468661111554_5283312585857788617_n.jpg
701325894_1278468501111570_5219738666511690401_n.jpg
701465720_1278468847778202_4257664452145368266_n.jpg
701488310_1278468724444881_4144835967432708764_n.jpg
701497266_1278468867778200_57838631197724881_n.jpg
701582191_1278468771111543_3980510348747898518_n.jpg
702028368_1278468664444887_5792624132688276268_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Маданият министрлиги

Бишкек, 18.05.26. /Кабар/. Бишкекте кыргыз-казак төкмө акындарынын эл аралык айтышы жана өнөр таймашы өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, иш-чара Кыргыз Республикасынын Баатыры, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, кыргыз эл жазуучусу жана драматург Бексултан Жакиевдин 90 жылдыгына арналган.

Иш-чарага мамлекеттик катчы Арслан Койчиев, маданият министри Мирбек Мамбеталиев катышты. Министр өз сөзүндө Бексултан Жакиев кыргыз руханий дүйнөсүндө өзгөчө орду бар залкар инсан экенин белгилеп, анын чыгармачылыгы улуттук адабияттын алтын казынасына айланганын айтты. Ошондой эле ал айтыш өнөрү кыргыз элинин тарыхын, дүйнө таанымын жана руханий баалуулуктарын муундан-муунга жеткирген улуу мурас экенине токтолду.

Айтыш өнөрүн даңазалаган маданий иш-чарага эки элдин белгилүү төкмө акындары катышып, көрүүчүлөргө жогорку деңгээлдеги чыгармачылык таймаш тартуулашты. Иш-чаранын жүрүшүндө улуттук сөз өнөрү, төкмөлүк салт жана эки элдин руханий байланышы кеңири даңазаланды.

Жыйынтыгында калыстар тобунун чечими менен төмөнкү акындар байгелүү орундарга ээ болушту:

Баш байге:

  • Акматбек Султан уулу — 300 000 сом;
  • Жансая Мусина — 300 000 сом.

1-орун:

  • Асылбек Маратов — 250 000 сом;
  • Нурлан Эсенкулов — 250 000 сом.

2-орун:

  • Изат Айдаркулова — 200 000 сом;
  • Аспанбек Шугатай — 200 000 сом.

3-орун:

  • Баян Акматов — 150 000 сом;
  • Нурбол Жаунбаев — 150 000 сом.

Атайын сыйлык:

  • Мамбеттокто Мамбеторозо уулу — 100 000 сом;
  • Өмүржан Көпбосын — 100 000 сом.

Мындан тышкары, “Айтыш” коомдук фонду тарабынан Бексултан Жакиев, Элмирбек Иманалиев, Ашыралы Айталиев, Тууганбай Абдиев жана Эстебес Турсуналиев атындагы атайын сыйлыктар тапшырылып, ар бир сыйлыктын ээлерине 50 миң сомдон байге берилди.