Бишкек, 10.03.25. /Кабар/. Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз «MEDEF International» уюмунун башкы директорунун орун басары Жеральдин Лембле менен жолугушту.
Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты жандандыруу жана товар жүгүртүүнү көбөйтүү маселелери талкууланды.
Ошондой эле тараптар үстүбүздөгү жылдын май айынын аягында Бишкек шаарында француз ишкерлеринин катышуусу менен кезектеги бизнес-форумду өткөрүү мүмкүнчүлүгүн карашты.
Садык Шер-Нияз Бишкек шаарында өтүүсү пландалган кыргыз-француз бизнес-форумун Франциянын тышкы соода министринин Кыргызстанга боло турган сапарына шайкеш келтирүү сунуштады.
Өз кезегинде, Жеральдин Лембле француз ишкерлеринин Борбор Азия аймагында иш жүргүзүүгө болгон кызыгуусу жогору экенин билдирип, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Франциянын артыкчылыктуу тармактарын белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгын активдештирүү жана алдыдагы бизнес-форумду даярдоо боюнча биргелешкен иштерди күчөтүү жөнүндө макулдашты.