Бишкекте курулуштан өрт чыкты – тилсиз жоо толук өчүрүлдү

Коом 7 июль 2026 10:55
Бишкекте курулуштан өрт чыкты – тилсиз жоо толук өчүрүлдү
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 07.07.26. /Кабар/. Бишкек шаарындагы Юнусалиев көчөсүндө курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн биринчи кабатынан өрт чыкты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, өрттү өчүрүүгө эки өрт өчүрүүчү бөлүм жана штаб тартылган.

Өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракетинин натыйжасында тилсиз жоо саат 09:29да толук өчүрүлдү.