Бишкекте курулуш объектилериндеги коопсуздук талаптары текшерилди

Коом 12 январь 2026 10:47
614697838_1386056616326717_325088412872214114_n.jpg
614050382_1386056636326715_5881970609338286321_n.jpg
614200521_1386056662993379_5664719993063055225_n.jpg
614581752_1386056642993381_2316231980171734683_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 12.01.26. /Кабар/. 9-11-январь күндөрү Бишкек шаарындагы курулуш объектилеринде коопсуздук талаптарынын жана курулуш эрежелеринин сакталышына мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Мекеменин маалыматына ылайык, анда Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек шаарындагы башкармалыгы тарабынан курулуш объектилериндеги эмгек коопсуздугу, техникалык регламенттердин жана долбоордук талаптардын аткарылышы текшерилди.

Мониторингдин негизги максаты курулуш иштеринин сапатын жогорулатуу, мүмкүн болгон мыйзам бузуулардын алдын алуу жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга багытталган. Текшерүүнүн жыйынтыгына жараша аныкталган кемчиликтер боюнча тиешелүү чаралар көрүлөрүн министрликтен белгилешти.