Бишкекте курулуш эрежелерин бузган компанияга айып салынды

Коом 8 август 2025 09:00
528790996_1262408725358174_6577263375550137700_n.jpg
528823732_1262408678691512_1055848830712065076_n.jpg
529304849_1262408688691511_8679686652319381401_n.jpg
Алдыга
Артка
528790996_1262408725358174_6577263375550137700_n.jpg
528823732_1262408678691512_1055848830712065076_n.jpg
529304849_1262408688691511_8679686652319381401_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 08.08.25. /Кабар/. Бишкекте курулуш эрежелерин бузган компанияга айып пул салынды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 7-августта Бишкек шаары, Мичурин көчөсү 27 дарегинде курулуп жаткан 9 кабаттуу турак жайда мыйзам бузуулар аныкталып, "Стальмонтаж плюс" ЖЧКсына карата пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жыйынтыгында курулуш ченемдеринин, коопсуздук эрежелердин жана мыйзам талаптарынын сакталбагандыгы үчүн КР Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протокол түзүлүп, 35 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Ошондой эле мыйзам бузууларды жоюу боюнча жазма буйрук берилди.

Башкармалык белгиленген мөөнөттө эскертүү аткарылбаса, мыйзамга ылайык кошумча административдик чаралар көрүлөрүн эскертет.