Бишкекте күрөш боюнча Азия чемпионаты өтөт

Спорт 01 Июль 2025 11:45
2801672.462825caba1531bac04a58384b8c79d2.jpg
514596259_18362476171196946_7175139558707014432_n.jpg
514329461_18362476186196946_5120718193658509368_n.jpg
510951914_18362476153196946_8439890107397342404_n.jpg
510947636_18362476189196946_2188568419728955135_n.jpg
2801672.462825caba1531bac04a58384b8c79d2.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 01.07.25. /Кабар/. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Айбек Абдымомунов Бишкек шаарында өтө турган күрөш боюнча U15 жана U20 Азия чемпионатына даярдыктарды текшерди.

Агенттиктен билдиришкендей, иш сапардын алкагында ал мелдеш өтө турган спорттук аренанын даярдык деңгээли менен таанышып чыкты. Айбек Абдымомунов объекттин техникалык камсыздалышы жана уюштуруу иштеринин графиги боюнча жыйынтыктарды белгилеп, тиешелүү тапшырмаларды берди.

Атап айтканда, ал арена, спортчулардын калыбына келүү жана машыгуу зоналары, чет элдик делегацияларды кабыл алуу боюнча логистикалык маселелерге өзгөчө көңүл бурду. Жооптуу адистердин маалыматына ылайык, негизги иштер акыркы баскычта турат жана спорттук объект белгиленген мөөнөттө толук даяр болот.

Эске салсак, күрөш боюнча Азия чемпионаты, Бишкек шаарындагы Bishkek Arena`да 5-13-июль күндөрү өтөт.