Бишкек, 04.04.25. /Кабар/. Бишкек шаарында 5-апрелде кросс боюнча Кыргызстандын биринчилиги өтөт.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мелдешке жети облустан келген спортчулар катышат. Чемпионат Кара-Жыгач сейил багында өтөт.
Катышуучулар төмөнкү аралыкка чуркашат:
1000 м - кыздар (2012-2013-жылы туулган);
1000 м - балдар (2012-2013-жылы туулган);
1000 м - кыздар (2010-2011-жылы туулган);
2000 м - балдар (2010-2011-жылы туулган);
2000 м - балдар (2008-2009-жылы туулган);
3000 м - кыздар (2008-2009-жылы туулган);
4000 м - кенже курак (2006-2007-жылы туулган);
6000 м - кенже курак (2006-2007-жылы туулган);
Мелдеш "Ынтымак" олимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби жана Кыргызстандын Жеңил атлетика федерациясы тарабынан уюштурулууда.