Бишкекте көрктөндүрүү эрежелерин бузгандарга 62 млн сомдон ашык айып салынды

Коом Загрузка... 08 Сентябрь 2025 16:30
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 08.09.25. /Кабар/. Бишкек шаарынын аймагында жыл башынан бери 62 миллион сомго 8 миңге чукул мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Муниципалдык инспекция 2025-жылдын январь–август айларында шаарды көрктөндүрүү жана санитардык абалды камсыз кылуу багытында кеңири иштерди жүргүзүп, 8 ай ичинде шаардагы базарлар, коомдук жайлар, соода объекттеринин айланасы жана башка жайларда санитардык-экологиялык нормалардын сакталышын көзөмөлдөөгө багытталган 920 рейд өткөрүлгөн. Ошондой эле, түнкү жана дем алыш күндөрү дагы 484 нөөмөт уюштурулуп, мыйзам бузууларга ыкчам чаралар көрүлгөн.

Текшерүүнүн жыйынтыгында шаар боюнча 23 698 чарба жүргүзгөн субъект каралып, анын ичинен 7 892 мыйзам бузуу аныкталган. Ар бир учур боюнча Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протоколдор түзүлүп, жалпы 62 002 500 сом өлчөмүндө айып пул салынышы каралган.

Мындан тышкары, инспекция кызматкерлери тарабынан шаар тургундары жана ишкерлик субъекттер арасында колдонуудагы мыйзамдар тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, бузуу фактыларын жоюу боюнча көрсөтмөлөр берилген. Алардын аткарылышы боюнча туруктуу көзөмөл жүргүзүлүүдө.