Бишкекте кран кулады. Курулуш токтотулуп, күнөөлүү айыпка тартылды

Коом 20 июнь 2025 11:30
IMG_6554.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
IMG_6553.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
IMG_6554.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
IMG_6553.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 20.06.25 /Кабар/. Кечээ, 19-июнда Бишкекте Кулатов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн курулушу жүрүп жаткан жерге кран кулап, коңшулаш имараттарга зыян келтирген.

Окуя болгон жерге Курулуш министрлигине караштуу Бишкек шаары боюнча мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл башкармалыгынын өкүлү барган.

Ведомстводон билдиришкендей, бул боюнча акт түзүлүп, учурда тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

«Адис Курулуш» ЖЧКсы жүргүзгөн бул участокто иш токтотулуп, крандын айдоочусуна айып пул салынган.

Маалым болгондой, Бишкек шаары боюнча мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл башкармалыгы буга чейин борбор калаада рейддерди өткөрүп, тиешелүү уруксат кагаздары жок жана курулуш нормаларын бузган курулуш компанияларына эскертүү берген.