Бишкекте көп функциялуу комплекс курулат: Меморандумга кол коюлду — Кабар

Бишкекте көп функциялуу комплекс курулат: Меморандумга кол коюлду

Экономика 21 январь 2026 18:00
WhatsApp Image 2026-01-21 at 17.52.27 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-01-21 at 17.52.28 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-01-21 at 17.52.28.jpeg
WhatsApp Image 2026-01-21 at 17.52.27 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-01-21 at 17.52.27.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-01-21 at 17.52.27 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-01-21 at 17.52.28 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-01-21 at 17.52.28.jpeg
WhatsApp Image 2026-01-21 at 17.52.27 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-01-21 at 17.52.27.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Инвестициялар боюнча улуттук агенттик

Бишкек, 21.01.26. /Кабар/. Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте «Цзюйхен кыймылсыз мүлк» компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү.

Агенттиктен билдиришкендей, жолугушуунун жыйынтыгында инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Макулдашуулардын алкагында компания Кыргызстандын аймагында бизнес-борборлорду, турак жайларды жана соода борборлорун камтыган көп функциялуу комплекс куруу долбоорун ишке ашырууга инвестиция салууга ниетин билдирди.

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров агенттик өз ыйгарым укуктарынын алкагында инвесторго ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө, анын ичинде инвестициялык долбоорду коштоп жүрүүгө жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүнү координациялоого даяр экенин ырастады.